Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде “Ысык-Көл-2016” экономикалык форумунун үчүнчү айлампасы 22-июлда башталды. Экономика министрлигинен билдиришкендей, быйылкы иш-чара ишкерлик багытындагы кызматташтык жана өнүгүү маселесине арналууда.
Форум бир канча секцияга бөлүнөт. Айыл чарба, туризм жана экология, тоо кен тармагы, энергетика, каржы, телекоммуникация жаатында кызматташуу өз-өзүнчө талкууланат.
Форумга Кыргызстан, Түштүк Корея, Индия, Түркия жана Кытайдан экономисттер катышат. (SE)