Линктер

Ишен Кожалиев Түп районунун акими кызматынан бошотулду


Ишен Кожалиев Ысык-Көлдүн Түп районунун акими кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-июлда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

14-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчулүгүндө райондук администрациялардын иши талкууланып, Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдеринин жумушу сынга алынган эле. Андан соң эки район акимдери - Раимбек Имангазиев менен Ишен Кожалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан. Эки күн мурун Имангазиев иштен алынган.

XS
SM
MD
LG