Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Кыргыз учкучунун дүйнөгө саякаты августта башталат


Йонас Жукнус жана Союзбек Салиев.
Йонас Жукнус жана Союзбек Салиев.

Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата саякатчы Союзбек Салиев дүйнөнүн 26 мамлекетин айланып чыгууну августтун алгачкы күндөрүндө баштайт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал Mooney Ovation 2 үлгүсүндөгү бир моторлуу учакта кыргыз желегин желбиретип 26 мамлекетти айланат.

Союзбек Салиевди 21-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, өкмөт колдоо көрсөтөрүн билдирди жана саякатчыга Кыргызстандын желегин тапшырды.

Учкуч жалпысынан 47 600 чакырым аралыкты басып өтүп, Тынч океанды, Атлантика океанын, Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин жана Амазонка дарыясын айланат.

Кыргыз учкучуна литвалык учкуч-штурман Йонас Жукнус шерик болот.

Мурда саякат 10-июлда башталары айтылган. Айрым себептер менен учуу августка жылды.

XS
SM
MD
LG