Линктер

MH370 лайнерин издөө операциясы белгисиз мөөнөткө токтотулат


MH370 лайнери 2014-жылдын мартында дайынсыз жоголуп кеткен.

MH370 лайнери 2014-жылдын мартында дайынсыз жоголуп кеткен.

Malaysian Airlines компаниясына караштуу MH370 учагын издөө иштери белгисиз мөөнөткө токтотулду. Бул тууралуу Малайзия, Австралия жана Кытайдын транспорт министрлери 22-июлда Малайзиядагы жолугушуудан кийин билдиришти.

Ичинде 239 адамы бар учак 2014-жылдын мартында дайынсыз жоголуп кеткен. Учактагылардын басымдуу бөлүгү Кытай жарандары болгон.

Дайынсыз жоголгон жүргүнчүлөрдүн туугандары учактын калдыктары табылмайынча издөө иштерин токтотпоону талап кылышууда. Австралия башында турган операцияда суунун алдында жүрүүчү автономдуу аппараттар жана гидроакустикалык жабдыктар тартылган. Учак кырсыкка учурады делген Индия океанынан ушул күнгө чейин ага тийиштүү эч нерсе табыла элек.

Лайнерди издөө иштерине жалпысынан 135 миллион доллар сарпталды. Рейтер агенттиги билдиргендей, бул издөө операциясы авиация тарыхында эң чоң операция болуп калды.

XS
SM
MD
LG