Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Киевде Павел Шереметти эскерүү жөрөлгөсү өттү


Павел Шеремет менен коштошуу.
Павел Шеремет менен коштошуу.

Киевдин “Украина үйү” эл аралык жыйындар залында шаршембиде өлтүрүлгөн журналист Павел Шеремет менен коштошуу иш-чарасы өттү. Ал эми анын сөөгү ишембиде Беларустун баш калаасы Минскиде жерге берилет.

Павел Шеремет 20-июлда машинасына коюлган бомбанын жарылышынан мерт кеткен. Украин бийликтери Шереметтин өлүмүн атайын уюштурулган кылмыш деп эсептейт.

Украинанын Коопсуздук кызматы журналисттин өлтүрүлүшү боюнча бир нече версияны караштырууда. Алардын ичинде журналисттин кесиптик ишине, кимдир бирөөлөрдүн жек көрүүчүлүгү, "Орусиянын издери" (Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүү максатында), Алена Притуланын өмүрүнө кол салууга (Шереметтин жарандык никедеги аялы жана “Украинская правда” гезитинин кожоюндарынын бири) байланышкан божомолдор бар.

Кылмышты иликтөөдө украиналык тергөөчүлөргө ФБРдин кызматкерлери жардам көрсөтүүдө.

Теги беларус Павел Шеремет орусиялык жана украиналык маалымат каражаттарында эмгектенип келген. 2008-жылга чейин он жыл бою Орусиянын биринчи каналында “Время” берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген.

Павел Шеремет Орусиянын коомдук телеканалынан 2014-жылы Москва Крымды каратып алгандан кийин кеткен. Шеремет Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты карманган журналисттерге апачык эле чабуул жасалып жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG