Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Ошто патрулдук милиция кызматкери кол салууга кабылды


Оштун Кара-Суу районунда 22-июль күнү эртең менен патрулдук милиция кылмышкерди кармоо учурунда жарадар болду. Маалыматка караганда, тартип сакчылары машина уурдоо фактысы боюнча кабардан улам кылмышкерди кармоого чыгышкан.

“Тико” автоунаасын Кара-Суудан уурдап качкан адам Ош шаарында курчоого алынган. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерин бычак менен сайып ийгенин облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жанна Cатарбаева “Азаттык” радиосуна билдирди:

-Милиционер ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандырарлык. Ага кол салган адам кармалып, сурак берүүдө.

Кылмышка шектүү жаран Жалал-Абаддын 26 жаштагы тургуну экени, акыркы күндөрү ал Кара-Сууда жашап жүргөнү аныкталды. (SE)

XS
SM
MD
LG