Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Мүнхендеги атышууда 10 киши өлгөнү кабарланды (видео)


Атышуу борбордогу "Олимпия" соода борборунда болгон.

Атышуу борбордогу "Олимпия" соода борборунда болгон.

Маалыматтарга караганда, Германиянын Мүнхен шаарындагы “Олимпия” соода борборунда болгон атышууда 10 адам мерт болду. Жарадарлар саны 20дан ашты, кол салган жигит 18 жаштагы теги ирандык Германия жараны экенин шаардык полициянын басма сөз өкүлү билдирди.

Кечке маал атышуу болгон аймакты полиция курчоого алып, соода борборунан адамдар чыгарылып кетти. Полиция жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн чыкпай сактанып турууга чакырган.

Атышуу “Олимпия” соода борборундагы дарыкананын ичинде болгону кабарланууда. Куралчан адам борбордун ичиндегилерге туш келди ок чыгарган.

Өткөн дүйшөмбүдө Баварияда балта жана бычак көтөргөн адам Вюрцбургдагы поезддин жүргүнчүлөрүнө кол салып, төрт адам жарадар болгон. Кылмышкер полицияга каршылык көрсөткөндө ошол жерден атып өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG