Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Көчө футболчулары президенттин кабыл алуусунда болушту


23-июлда президент Алмазбек Атамбаев көчө футболу боюнча кыз-келиндер курама командасын кабыл алды. Аталган команда 10-июлдан 17- июлга чейин Британиянын Глазго шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда (Homeless World Cup) күмүш байгенин ээси болгон.

Атамбаев команда оюнчуларын ийгилиги менен куттуктап, каржылык колдоо көрсөтүү максатында 300 миң сом тапшырды.

Кыргызстандын көчө футболчулары "В" тайпасында ойноп АКШ, Кот-д'Ивуар, Норвегия, Голландия жана Уэльс курамаларын ири айырма менен утуп, плей-оффко чыккан. Чейрек финалда Индия курамасын жеңип жарым финалда мелдеш кожоюндары шотландиялыктарды да утулууга дуушар кылган. Финалда Мексика курамасына 5:0 эсебинде жеңилип күмүш медалды тагынып кайтышты. Мексика курамасы былтыр да чемпиондук наамды жеңип алган.

Көчө футболу боюнча Кыргызстандын командасы дүйнө чемпиондугуна 2007-жылдан бери катышып келет. Кыргызстандык көчө футболчулар 2009-жылы коло байге алса, 2013-жылы төртүнчү орунга ээ болгон.(ECh)

XS
SM
MD
LG