Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Москвада саясат таануучу Андрей Пионтковскийдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү


Андрей Пионтковский

Андрей Пионтковский

23-июль күнү эрте менен анын үйүнө федералдык коопсуздук кызматкерлери кирип барып, тинтүү жүргүзүштү. Үйдө саясат таануучунун небереси болгон. Көп өтпөй ал жерге Пионтковскийдин адвокаты Марк Фейгин да барган. Адвокаттын маалыматы боюнча, тинтүү иши Андрей Пионтковскийдин Чеченстандагы кырдаал тууралуу “Жарылууга даяр бомба” деп аталган макаласынан кийин козголгон кылмыш ишине байланыштуу жүргүзүлгөн. Аталган макала 25-январда “Эхо Москвы” радиосунун сайтына жарыяланган болчу.

Прокуратура бул макалада Орусиянын “мамлекеттик бүтүндүгүнө шек келтирген чакырыктар” аныкталганын билдирип, ошондой эле макала кастыкты козутат деп тапкан. Кылмыш иши козголуп, 5-июлда “Эхо Москвы” радиосунун редакторун жана башка журналисттерин суракка алышкан.

Андрей Пионтковский өзү чет мамлекетте жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG