Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Түркияда чукул кырдаалдарга байланыштуу миңдеген мекемелер жабылат


Фетхуллах Гүлен
Фетхуллах Гүлен

Бул президент Эрдогандын өлкөгө чукул кырдаал киргизилгенден кийинки алгачкы буйругу. Режеп Эрдоган миңден ашуун менчик мектептерди, ондогон саламаттыктык сактоо мекемелерин, 15 чакты жогорку окуу жайларын жана миңге чамалуу фонддорду жабууну буйруду. Жабылган мекемелердин баары Фетхуллах Гүлендин аты менен байланышы бар.

Президенттин буйругуна ылайык, 15-июлдагы козголоңчуларга байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер өмүр бою мамлекеттик кызматта иштей алышпайт.

15-июлда Түркияда бийлик алмаштыруу аракетинен кийин козголоңго тиешеси бар деп, он миңден ашуун киши кармалган. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер массалык түрдө иштен бошотулууда. Түрк бийлиги бул козголоңго АКШдагы диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап чыккан.

XS
SM
MD
LG