Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

"Алтын жай" пансионатында скутер эки аялды сүзүп кетти


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Күбөлөрдүн айтуусунда, сууда сүзүүчү скутердин айдоочусу рулга ээ боло албай калып, эс алуучулар отурган жээкке чыгып кеткен. Натыйжада эки аял жаракат алып, тез жардам унаасы менен Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Оорукананын башкы дарыгери Алмира Алдашеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жабыркагандардын абалы канааттандырарлык:

- Эки аялды “Алтын жайдан” тез жардам алып келген. Аларды пансионаттын дарыгери коштоп келген болчу. Биз медициналык жардам көрсөткөндөн кийин аялдар кайра пансионаттын дарыгери менен кетишти.

"Алтын жай" пансионаты мурдагы "Рохат НБУ" эс алуу жайы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG