Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Обама Трамптын НАТО тууралуу айткандарын кескин сынга алды


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама Дональд Трамптын “эгер НАТОго мүчө Балтика жээгиндеги өлкөлөрдү Орусия басып алса, Вашингтон сөзсүз аскерий жардам көрсөтүшү зарыл эмес” деген сөздөрүн кескин сынга алды.

Обама бул айтылган сөздөр Республикачылар партиясынан президентикке талапкер Трамптын тышкы саясатты жөндөөгө даярдыгы жоктун айгинелерин билдирди.

CBS News телеканалына курган маегинде Обама Трамптын бул сөздөрү альянстын принциптерине эч туура келбестигин кошумчалады.

НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөргө чабуул жасалса ага жардам көрсөтпөө уюмдун уставынын бешинчи статьясын бузууга алып келерин Обама эскертти. Анда уюмга мүчө өлкөгө кол салуу бул НАТОго кирген бардык мамлекеттерге кол салуу дегенди билдирет.

21-июльда Кливлендде өткөн Республикачылар партиясынын жыйынында Дональд Трамп расмий түрдө АКШ президентигине талапкер катары аттанган.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG