Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Орусиялык спортчулар Рио оюндарынан четтетилбейт


Мурдараак эл аралык таймаштардан орусиялык жеңил атлетчилер четтетилген.
Мурдараак эл аралык таймаштардан орусиялык жеңил атлетчилер четтетилген.

Жекшембиде Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасы боюнча соңку жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Бразилияда августта өтчү Олимпиада оюндарынан орус спортчулары четтетилбейт, бирок алар бир катар шарттарды аткарышы зарыл.

Эң башкы шарт - ар бир спортчу өз спортунун түрүнөн эл аралык федерациясынын макулдугун алышы зарыл. Документте белгиленгендей, бирок анализдеринен кызытма табылган спортчулар сөз жок катышпайт.

18-июлда Эл аралык допингге каршы агенттик өз докладын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын ФСБсынын да катыштыгы бар экени жазылган.

Эл аралык Олимпиада комитети бул фактыларды “бүтүндөй дүйнө спортуна жана Олимпиада оюндарына” каршы жасалаган сокку деп баалаган. Орусиянын курама командасын Риодо өтө турган Олимпиада оюндарынан четтетүүнү 10дон ашык мамлекеттердин спорттук федерациялары талап кылышкан. Ал эми Кремль жана Орусиянын Спорт министрлиги Эл аралык Олимпиада комитетин таза спортчуларды оюндарга катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып келген.

Мурдараак эл аралык таймаштардан орусиялык жеңил атлетчилер четтетилген. Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алган бул чечимди Лозаннадагы арбитраждык сот да колдогон.

XS
SM
MD
LG