Линктер

Германия: сириялык качкын бир кишини өлтүрүп, экөөнү жарадар кылды


Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Ройтлинген шаарында болгон

Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Ройтлинген шаарында болгон

Жергиликтүү полициянын маалымдашынча жекшембиде Ройтлинген шаарында 21 жаштагы сириялык качкын темир жол бекетинен анча алыс эмес жерден көчөдө бараткан адамдарга кол салган. Бир аял алган жарааттан ошол жерден жан берген, эки адам ооруканага түшкөн. Полиция кылмышкер жалгыз экенин жана анын бул теракт эместигин ырастады.

Шектүү кылмышкер азыр кармалганы жана ал буга чейин полициянын тизмесинде бардыгы маалым болду.

22-июлда кечке маал Германиянын Мүнхен шаарындагы “Олимпия” соода борборундагы куралдуу кол салуудан он киши мерт болуп, жыйырмага жакын адам жараат алган. Полиция билдиргендей кол салууну 18 жаштагы теги ирандык улан жасаган.

XS
SM
MD
LG