Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстан менен Кытай медицина жана туризм жаатында кызматташат


Ысык-Колдүн аба дарбазасы.
Ысык-Колдүн аба дарбазасы.

Медицина, туризм, энергетика жана өнөр жай жаатында кызматташуу меморандумуна Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери кол коюшту. 23-июлда Ысык-Көлдө өткөн экономикалык форумда эки тараптуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр болуп, Бишкек жана Ухань шаарларынын, Чүй облусу менен Хубей провинциясынын ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү.

Ошондой эле Шиңжаңдагы «Du Zhou» салттуу менчик медицина ассоциациясы менен Ысык-Көлдөгү “Аврора” ден соолукту чыңдоочу мекемесинин ортосунда, Үрүмчү шаарындагы экономикалык аймак менен Бишкек эркин экономикалык аймак биргелешип иш алып барууну макулдашты.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода алмашуу 1 млрд. доллардын айланасында. 1992-жылдан бери Кытай Кыргызстанга 1,8 млрд доллар насыя берген.

XS
SM
MD
LG