Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Оторбаев: Түрмөлөрдө тамак-аш начар


Бул тууралуу Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө абакта жаткандарга берилген тамак-аш сапаты жана көлөмү жагынан бөлүнгөн каражатка туура келбейт. Абактарда кармалып тургандардын дээрлик бардыгы тамак-ашка канча акча бөлүнөрүнөн кабары жок, дейт Кубат Оторбаев.

Абакта жаткандардын бир күндүк тамак-ашына мамлекет тарабынан 86 сом бөлүнөт.

Акыйкатчы жакында Бишкектин четиндеги №27 абакта болуп, ал жерде камалып жаткандардын абалы менен таанышкан. №27 абакта жакында эле апрель окуясы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган мурдагы аткаминерлер Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Мурат Суталинов жана Нурлан Темирбаев да жатышат. Акыйкатчынын айтымында, Сатыбалдиев менен Турсункулов Республикалык аскер сотунун чечими аткарылбай, эмгиче камакта жатканына нааразылыгын билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG