Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Ансбахда жардыруу уюштурган сириялык качкын болуп чыкты


Германия.
Германия.

Бавариянын ички иштер министри Иоахим Герман жанкечти Германияга эки жыл мурун келген сириялык качкын экени аныкталганын билдирди. Министрдин айтуусунда, ага өткөн жылы немис бийлиги “качкын” макамын берүүдөн баш тарткан, бирок Сириядагы согуштан улам, өлкөдө калууга уруксат берилген.

Германдын ырасташынча, 27 жаштагы жанкечти фестивалга кирүүгө аракет кылган. Бирок анын билети жоктугуна байланыштуу кое берилген эмес. Ошол замат ал өзүн жардырган. Герман ошондой эле жанкечти өзүн өлтүрүүнү көздөгөнү же элди жардырууну каалаганы али белгисиз экенин эскертти. Анткени, ал буга чейин да эки жолу өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Министрдин маалыматы боюнча, жанкечти асынган рюкзакта көп кишини жок кылууга эсептелген жардыргыч заттар болгон, ал иш-чара өтүп жаткан аянтта жардырылышы толук ыктымал болчу.

Германия акыркы күндөрү террорчулардын бутасына алынганы айтылууда. Андан бир нече саат мурдараак Сириядан келген качкын Ройтлиген шаарында мачете менен бир аялды өлтүрүп, эки кишини жарадар кылган эле.

22-июль күнү теги ирандык улан Мүнхенде соода борборуна кол салып, тогуз киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG