Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Ысык-Көл: скутер менен эки адамды сүзүп кеткен адам кое берилди


Ысык-Көлдө эс алып жүргөн эки кишини скутер менен сүзүп кеткен адам кое берилди. Скутерди башкарып келаткан адам Казакстандын жараны болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Кырсыктан жабыркагандар арыз жазуудан баш тартышкан. Маалыматка ылайык, жабыркагандар анча оор эмес жаракат алгандыктан алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин эле ооруканага жатпай, чыгып кетишкен.

Бул окуяга байланыштуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Аскат Акибаев сууда жүрүүчү транспортторду башкарууда коопсуздук эрежелерин күчөтүү тапшырмасын берди.(BkA)

XS
SM
MD
LG