Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Бакыт Ашыров Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчилигинен бошотулду


Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын төрагалыгына Айбек Кадыралиев дайындалды. Аны кызматтын жамааты менен Сооронбай Жээнбеков бүгүн тааныштырды.

Айбек Кадыралиев буга чейин президенттик аппараттын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы ишкердик жана бизнес чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшөт. Жакында Коргоо кеңешининин чечими боюнча кызматка кошумча милдеттер жүктөлгөн. Буга чейинки жетекчи Ашыровдун дарегине сындар айтылып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG