Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Бавариядагы кол салуу ислам экстремизмине байланыштуу болушу мүмкүн


Анбах шаарчасынын жардыруу болгон району. 24-июль, 2016-жыл.

Анбах шаарчасынын жардыруу болгон району. 24-июль, 2016-жыл.

Бул тууралуу Германиянын Бавария жеринин ички иштер министри Йоахим Херрманн жергиликтүү ДПА агенттигине билдирди.

Кечээ кечинде аталган чөлкөмдөгү Анбах деген шаарчада 27 жаштагы сириялык жигит музыкалык фестивал өтүп жаткан жерге жакын өзүн жардырып жиберген эле.

Жардыруудан он эки киши, анын ичинде үчөө оор жаракат алган.

Бавариянын полиция башчысы Йоахим Херрманндын айтымында, өзүн - өзү жардырган адам буга чейин бир нече ирет психиатриялык дарылануудан өткөн, өз жанын өзү кыйууга да аракет жасаган.

Йоахим Херрманн азырынча ысымы айтыла элек сириялыктын кадамын ислам экстремизмине бул ирет ал көп адамды өлтүрүүнүн көздөгөнүнөн улам байланыштырды.

Соңку күндөрү Германияда бир нече кол салуу катталды. Кечээ өлкөнүн түштүк - батышындагы Ройтилген деген шаарда сириялык качкын бир аялды өлтүрүп, эки кишини жарадар кылган.

22-июлда Германиянын теги боюнча ирандык жараны, 18 жаштагы жигит Мүнхенде тогуз адамды атып салды.

Ага чейин 18-июлда пакистандык 17 жаштагы качкын жигит поезде балта жана бычак менен беш жүргүнчүнү жарадар кылган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG