Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Рио – 2016: Алтын медалга 7 миллион сом берилет


Олимп оюндарына катышуучу кыргыз спортчуларынын формасы.
Олимп оюндарына катышуучу кыргыз спортчуларынын формасы.

Өкмөттүн токтомуна ылайык Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарында алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом сыйлык катары берилет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Олимп оюндарына барчу кыргызстандык машыктыруучулар делегациясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыраилов билдирди. Жалпысынан мамлекет алдыңкы 8 спортчунун катарына киргендерге акчалай сыйлык тапшырат.

- Сыйлык маселеси өкмөттө буга чейин эле чечилген. Ага ылайык 1-орунга 7 миллион сом, 2-орунга 5 млн. сом, коло медалга 3,5 млн. сом деп бекитилген. Ошону менен катар сегизинчи орунга чейин акчалай сыйлык каралган. Алсак 8-орунду алып келген спортчуга 700 миң сом берилет. Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимп оюндарына 19 спортчу катышат.

XXXI Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар катышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG