Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Түркияда 42 журналистти камоого буйрук чыкты


Президент Эрдоган жума намаздан кийин жактоочуларына кайрылууда. Анкара, 22-июль, 2016-жыл.

Президент Эрдоган жума намаздан кийин жактоочуларына кайрылууда. Анкара, 22-июль, 2016-жыл.

Камакка алына турган калемгерлер арасында таанымал комментатор жана мурдагы депутат Назли Иличак да бар.

Ал өкмөтчүл “Сабах” гезитинен 2013-жылы коррупцияга малынган министрлерди сындаганы үчүн бошотулган эле.

Түркия 15-июлдагы аскерий төңкөрүш аракетине чейин эле басма сөз эркиндигин чектегени үчүн сындалып келген.

Эми журналисттердин жоон тобун камакка алуу чечими бийликтин андан берип көрүп жаткан жооп чараларынын азырынча акыркысы болду.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракетинен кийин кармалган, камакка алынган, иштен бошотулган аскерлер, полицейлер, соттор, мугалимдер, мамлекеттик кызматчылар саны алтымыш миңден ашып кетти.

Президент Режеп Тайып Эрдоган өткөн аптада “эгер эл талап кылса” ал өлкөдө өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирген.

Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер бүгүн эгер Түркия өлүм жазасын калыбына келтирсе, анын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр дароо токтой турганын ырастады.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG