Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Досумбетов: Боомдогу селге жаанчыл аба ырайы себеп болууда


Боом капчыгайы. 7-июль, 2016-жыл.
Боом капчыгайы. 7-июль, 2016-жыл.

Боом капчыгайында жолдун сууга толуп калышына жаанчыл аба ырайы себеп болууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жол курууда мүчүлүштүктөргө орун берилген, арык системасы талапка жооп бербейт деген сындар туура эмес. Быйыл жаан көп жаагандыктан кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай, ашып-ташып жолду каптап жатат.

Ошол эле маалда Досумбетов жол курууда мындай деңгээлде жаан-чачын болору эске алынбаганын белгиледи.

Бишкектен Ысык-Көлгө барчу жолдун 145-147-чакырымына алгач 1-июлда коктулардан агып түшкөн суу толуп, сел каптаган жана каттам жабылып калган. Бир нече саатка созулган тазалоо иштеринен кийин гана жол калыбына келтирилген болчу. Мындай көрүнүш андан кийин Боом капчыгайынын эки жеринде кайталанып, ары-бери каттагандардын нааразылыгын туудурган. (NT)

XS
SM
MD
LG