Линктер

Жанкечти айдаган унаа Дияла провинциясында, эл котологон көзөмөл бекетте жарылды.

Багдаддын түндүк-чыгыш тарабындагы Калис шаарынын кире беришиндеги жарылуудан кеминде 11 адамдын өмүрү кыйылганы, дагы 30тай киши жаракат алганы кабарланды.

Кандуу окуя боюнча азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Анткен менен Иракта жанкечтилердин соңку жардырууларын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун адамдары тарабынан жасалганы ачыкка чыгууда.

25-июлда Багдаддын шийиттер жашаган районунда жанкечти өзүн жардырып, андан кеминде 15 киши мерт болду.

Иракта акыркы айларда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мурда ээлеген аймактарынан сүрүлүүдө.

Ошондуктан алардын жарандарды бутага алган жанкечтилигинин күчөшү уруш талаасындагы жеңилүү ызасынан, кандай да болсо өч алуу аракетинен улам чыгып жаткандыгы маалым болууда. (UE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG