Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Селден арылбаган Боом


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

Боом капчыгайында жаан жааган сайын жаңы салынган жолду суу каптап, ары-бери каттагандарга кыйынчылык жаратууда.

Туристтик мезгил күчүндө турган чакта Бишкек-Торугарт каттамындагы бул абалга өзгөчө айдоочулар нааразы. Транспорт министрлиги болсо абалды жаанчыл аба ырайы менен байланыштырып, жол курган компания муну эске албаганын билдирүүдө.

Бишкектен Ысык-Көлгө барчу жолдун 145 -147-чакырымын алгач 1-июлда коктулардан агып түшкөн сел каптап, каттам жабылып, бир нече саатка созулган тазалоо иштеринен кийин гана жол ачылган болчу. Мындай көрүнүш андан кийин Боом капчыгайында жаан-чачын болгон сайын кайталанууда. Бул каттам аркылуу күн сайын жүргүнчү ташыган Кылыч Осмонов жолдун сууга толуп калышы айдоочулардын шаштысын алып жатканын билдирди:

- Тоодон түшкөн топон, ылай суу жолду каптап, машиненин капотуна чейин жетип калып атат. Мен бир ирет суу жаңы эле агып түшө баштаганда кечип өтүп кеттим. Артымда өтө албай, тыгынга кабылып калгандар көп болду. Кээлеринин автоунаалары да өчүп калыптыр.

Туристтик мезгил күчөп турган азыркы кезде Бишкек-Балыкчы жолунан автоунаалардын карааны үзүлбөйт.

Боом капчыгайындагы жолду сел каптаган учурга күбө болгон Нурбек Токтоев бул көрүнүштү жол четиндеги арыктардын жоктугу менен байланыштырды:

- Былтыр мындай нерсе болчу эмес. Боомдогу жол толук оңдолуп бүткөндөн кийин, быйыл болуп жатат. Жолдун чеке-белдеринде арык жок да.

Анткен менен Транспорт жана жолдор министрлиги бул өңдүү маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Боом капчыгайында жолдун сууга толуп калышына жаанчыл аба ырайы себеп болууда. Ал жол курууда мүчүлүштүктөргө орун берилген, арык системасы талапка жооп бербейт деген сындар туура эмес, жаан мол жаагандыктан кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай, ашып-ташып жолду каптап жатат дейт:

- Тоодон таш, кум аралашкан суу түшүп, арыктарды толтуруп салууда. Ал жерден суу кетпей калып атат. Жолчулар барып, тазалагандан кийин абал ордуна келүүдө. Боом капчыгайында жолдун четинде тоодон келген сууларга арык казылган.

Ошол эле маалда Досумбетов жол курууда мындай деңгээлде жаан-чачын болору эске алынбаганын белгиледи:

- Быйыл жаан-чачын көп болуп, улам жаан жаап атпайбы. Бул арыктар азыркыдай көп деңгээлдеги суунун агымына эсептелген эмес да. Кадимкидей суу агымы болсо, көйгөй жаралмак эмес.

Жергиликтүү эксперт Марат Мүсүралиев жол куруудагы кемчиликти дал ушундан көрөт. Анын пикиринде, жол курган компания да, Транспорт министрлиги да баарынан мурда сапатка көңүл буруп, ар кандай күтүлгөн кырдаалдарды алдын ала талдап чыгышы керек болчу:

- Аталган жолду кытайлыктар куруп атпайбы. А Кытайда деле биздей эле климат да. Шинжаң уйгур автоном районунда, Кытайдын өзүндө деле жаан-чачын көп болот. Андыктан айырма деле болбошу керек эле. Келишим түзүлгөндө бүт баары каралышы керек болчу. Жаанга, кышында музга, дагы башка жаратылыш кырсыктарына туруштук бериши зарыл. Мунун баары ойго алынса болмок.

Аба-ырайы кызматынын билдирүүсүндө, Кыргызстанда бул жума ичи да катуу жаан-чачын болушу ыктымал. Жол четиндеги арыктар чоң көлөмдөгү сууга ылайыкталбагандыктан Боом капчыгайындагы жогоркудай абал кайра да кайталанышы мүмкүн. Негизи эле өлкөдөгү стратегиялык мааниси бар жолдорду куруу, оңдоонун сапаты боюнча сын-пикирлер көп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG