Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Рио-2016: спортчулар үмүттү актайбы?


Президент Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барчу спортчуларды кабыл алды. Анда командасынын капитаны, спортчу Арсен Эралиевге өлкө туусун тапшырды.
Президент Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барчу спортчуларды кабыл алды. Анда командасынын капитаны, спортчу Арсен Эралиевге өлкө туусун тапшырды.

Өкмөттүн токтомуна ылайык Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарында алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом сыйлык катары берилет.

Кыргызстандык спортчулар Олимп оюндардын алдында жер-жерлерде гана машыгуудан өтпөстөн, чет өлкөдө да даярдыктарын көрүп жатышат. Алсак грек-рим күрөшү боюнча балбандар Кореяда машыгуудан өтүшүп, ушу тапта Кыргызстанга кайтып келишкени турат. Ал эми дзюдочулар Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий Казакстандан жаңы эле келишти. Мындан башка Орусияда машыгууларын өткөрүп жаткан эркин күрөшчүлөр да бар.

Спортчулардын жарымы көлдө

Антсе да көпчүлүк спортчулар Ысык-Көлдөгү атайын спортчулардын лагерлеринде абасы суюк жерде даярдыктарын көрүп жаткан кербези. Айрыкча Бостериде эл аралык стандарттагы бассейн салынгандан бери сууда сүзүүчүлөр Рио-де-Жанейрого кеткенге чейин ушул жакта болушмакчы.

Сууда сүзүүчүлөр арасында намысты коргогондордун бири Дарья Таланова күнүмдүк жадыбалы менен бөлүштү.

- Эртең менен жүгүрүүдөн баштайбыз. Биз бул жакта шаардагыдан да катуу машыгууга кириштик. Күнүнө эки жолу сууда сүзүп, күнүгө атайын залда булчуңдарды да чыңдап жатабыз. Олимпиадага күчүбүздү аябай даярданып жатабыз. Айрыкча акыркы бир айдан бери Ысык-Көлдөгү бассейнден чыкпай жатабыз.

Кыргызстандын Спорт агенттиги Рио Олимп оюндарына канча медалга үмүт артып жатканын айткысы келбейт. Анткен менен грек-римчи Арсен Эралиев жана эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбековага өзгөчө назар бурулууда. Эки спортчу тең өз салмагында дүйнөнүн он мыкты спортчуларынын катарына кирет.

Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова мындан төрт жыл мурун Лондон Олимпиада оюндарында байгеден куру калганы менен, бул жолу Риого байге үчүн баратканын машыктыруучусу Нурбек Изабеков “Азаттыкка” айтып өттү.

- Биз төрт жылдан бери машыгууну токтоткон жокпуз. Айсулуу өзүнүн дүйнөдөгү бардык атаандаштарынын артыкчылык-кемчиликтерин билет. Андыктан медалга жетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Дүйнөдө Айсулуунун канча атаандашы болсо, ал алардан кем калбайт. Ошондуктан ишенич чоң.

​Президент Алмазбек Атамбаев 26-июлда Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барчу спортчуларды кабыл алды. Өлкө башчысы аларга ийгилик каалап, эл аралык мелдеште өлкө атынан татыктуу мелдеш көрсөтүүгө чакырды.

“Олимп оюндарына таза күрөш аркылуу жолдомо алдыңыздар. Бул силер үчүн жетишкендик. Эгер жеңиш менен кайтсаңар силерди колубузга көтөрүп жүрөбүз”, - деди Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай спортчуларды колдоого аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жолугушууда Кыргызстандын командасынын капитаны спортчу Арсен Эралиевге өлкө туусун тапшырды.

Жалпысынан Кыргызстандын намысын Бразилияда 19 спортчу коргойт. Акыркы болуп Олимпиада оюндарына лицензия алуу ыкыбалы оор атлетчи Жаңыл Окоевага буйруду. Ошону менен Окоева Кыргызстандын тарыхында оор атлетика боюнча намысты коргогон алгачкы айым спортсмен болмокчу.

Спортчудан коштоочу көп

Спортчулар менен чогуу санаганда баш-аягы 45 адам Кыргызстандын делегация мүчөлүгүнө кирди. 2012-жылдагы Лондон Олимп оюндарында “спортко тиешеси жок адамдар да делегация катарына кирип алды” - деген нааразычылыктарды эске алгандыктан, бул саам андай мүчүлүштүктөр жок деп Спорт агенттиги кепилдик берүүдө.

Кыргызстандык делегациянын машыктыруучулар жетекчиси Төлөсүн Ысыраилов команда курамына кимдер киргенин айтууда:

- Арабызга ашыкча адамдар кирген жок деп 100 пайыз кепилдик бере алабыз. 19 спортчудан тышкары башкы машыктыруучулар, өздүк машыктыруучу, үч дарыгер, бир журналист ошондой эле Спорт агенттиктен, Улуттук олимпиада комитети жана дирекциянын жетекчиси болуп гана баратабыз. Спорто тиешеси жок адамдар кошулган жок.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери беш жолу Олимпиада оюндарына катышып, үчөөндө куру калган. Олимп оюндарынын эң ийгиликтүүсү 2008-жылдагы Бээжиндеги жетишкендиктер болуп келет. Анда кыргыз балбандары бирден коло жана күмүш медаль менен кайтышкан. Ал эми 2000-жылдагы Сиднейдеги оюндарда дзюдочу Айдын Смагулов коло медалга ээ болгон.

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери бир да жолу Олимпиада оюндарынын алтынын алып келише элек.

Жеңүүчүгө жети миллион

Быйыл өкмөттүн токтомуна ылайык Рио-де-Жанейродо алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом сыйлык катары берилсе, 2-орунга 5 млн. сом, коло медалга 3,5 млн. сом деп бекитилди. Ошону менен катар сегизинчи орунга чейин акчалай сыйлык каралган. Алсак 8-орунду алып келген спортчуга 700 миң сом берилет.

XXXI олимпиада оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар келип, тарыхта биринчи жолу Косово жана Түштүк Судан өлкөлөрү катышмакчы.

XS
SM
MD
LG