Линктер

Спорттун сууда сүзүү түрү боюнча эл аралык федерация – FINA Орусиянын жети суучулунун Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага катышуусуна тыюу салды.

Бул Эл аралык Олимпиада комитетинин чечиминен кийинки алгачкы тыюу салуу болду.

Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчулардын допингди системалуу түрдө колдонгону аныкталганы тууралуу маалыматтардан улам бул өлкөнүн спортчуларынын быйылкы Олимпиадага жапырт катыштырбоо боюнча сунуштарды четке кагып, бирок бул маселени чечүүнү эл аралык федерацияларга калтырган эле.

Быйылкы Олимпиадага катыштырылбай турган суучулдар арасында 2012-жылы коло медал утушкан Владимир Морозов, Никита Лобинцев жана Юлия Ефимова да бар.

Кремль Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин кубаттап, дүйнөлүк спорт уюмдарын Орусия менен тыгыз кызматташтыкка чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG