Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Флоридада түнкү клубдагы атышуу терроризм эмес


Атышуу болгон түнкү клубдун имараты. 25-июль, 2016-жыл.
Атышуу болгон түнкү клубдун имараты. 25-июль, 2016-жыл.

Бул тууралуу бүгүн таңда түнкү клубдарынын биринде атышуу болгон Форт Майерс шаарчасынын полициясы билдирди.

Өспүрүмдөр чогулган түнкү клубдагы атышуудан, маалыматка караганда, эки адам мерт болуп, 14 киши жаракат алган.

Америкалык медианын кабарларына караганда, полиция атышууга тиешеси бар бир адамды кармады, башка шектүүлөр али изделүүдө.

Өткөн айда Флорида штатынын Орландо шаарында кумсалардын түнкү клубуна куралчан адам чабуул коюп, 49 адам киши набыт болгон, 50дөн ашыгы жаракат алган.

Кол салган ооган тектүү АКШ жараны полиция менен атышууда өлтүрүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG