Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

ФБР жана Конгресс комитеттери Демпартиянын электрондук каттарынын уурдалышын иликтейт


Демократиялык партиянын курултайына даярдык. Филадельфия, 24-июль, 2016-жыл.
Демократиялык партиянын курултайына даярдык. Филадельфия, 24-июль, 2016-жыл.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетиндеги демократтардын башкы өкүлү Адам Шиффтин билдиргенине караганда, аларга Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин электрондук каттары хакерлик жол менен уурдалганы боюнча маалымат берилди.

Конгрессмен Шифф белгилегендей, эгер ал электрондук каттарды уурдоонун изи Орусияга барып такалса, бул башка өлкөлөрдөгү саясий жараянга таасир көргөзүүгө умтулган Кремлдин жана анын колдоочуларына байланышкан алгачкы кибер чабуул эмес.

АКШ мыйзамгеринин мындай билдирүүсү алдында ФБР хакердик чабуулду иликтеп жатканын ырастады.

Ал эми АКШнын Улуттук чалгын агенттигинин директору Жеймс Клаппердин билдиргенине караганда, америкалык расмий өкүлдөр чет өлкөлүк хакерлердин АКШ президенттигине талапкерлерге тыңчылык кылууга умтулуусунун белгилерин байкашкан жана кибер чабуулдар алдыда күчөйт деп күтүшөт.

Демократиялык партиянын Улуттук комитетиндеги ичиндеги электрондук каттардын же имейлдердин 19 миңден ашуун даанаасы коомчулукка 22-июлда, бул партиянын шайлоо курултайы алдында шардана болуп кетти.

Аларды WikiLeaks сайты жарыялады.

Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Робби Мук электрондук каттардын хакерлик жол менен уурдалышына Орусиянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Ал бул тууралуу CNN телеканалы менен маегинде эксперттердин бүтүмүнө таянуу менен айтты:

- Эксперттер бизге орусиялыктар бул уурдалган каттарды иш жүзүндө Дональд Трампка жардам берүү үчүн таратып жиберди деп айтып жатышат.

Эгер президенттикке шайланса Орусия менен мамилени оңдой турганын билдирип жүргөн Дональлд Трамптын шайлоо штабынан болсо Клинтондун штаб башчысынын айткандарын четке кагышты.

Республикалык партиянын шайлоо курултайы өткөн аптада болуп, анда Трамп талапкерликке расмий бекиген.

Ал эми Филадельфия шаарында бүгүн башталып жаткан курултайда мурдагы vамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул партиядан президенттикке талапкер катары расмий бекитилет деп күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG