Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат катчысы Гуля Алманбетова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда шаар башчылыгы борбор калаада жаңы жолдорду куруу боюнча концепция кабыл алган:

- Кытайдан алынуучу грантка жаңы жолдор курулат. Ботаникалык бактын чет жакасы аркылуу туурасы 15 метр болгон, төрт тилкелүү жол курулат. Учурда жолдун курулушу бакка зыяны анча тийбегендей болсун үчүн, Саламаттыкты сактоо, Экотехинспекция, Илимдер академиясы менен чогуу кеңешип, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Алманбетованын маалыматы боюнча, бакка зыян келтирилбеш үчүн жол жээгинде тротуардын туурасы жарым метрге азайтылды. Маалыматка ылайык, Ботаникалык бак Медеров көчөсү тараптан 17 метрге, Горький көчөсү тараптан 11 метрге, Кулатов көчөсү тараптан 9 метрге ичкери карай жылдырылат.

Бишкек шаарынын чок ортосуна жайгашкан дендрарий-корук-ботаникалык бак тарых, маданият жана архитектуралык эстеликтер катары мамлекеттик коргоого алынган. Ушундан улам, Ботаникалык бактын жетекчилери жолдун курулушу андагы сейрек кездешүүчү бактардын кыйылып кетүүсүнө алып келерин айтып, тынчсызданышууда.

Дендрарий-корук-ботаникалык бактын жалпы аянты 160 гектар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG