Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Токиодо майыптар борборуна кол салуудан 19 киши мерт кетти


Канабайрам өткөн жер
Канабайрам өткөн жер

Дагы көпчүлүгү жаракат алышты, арасында абалы оорлору бар. Токио полициясынын маалыматы боюнча, шаардын четиндеги майыптарды колдоо борборуна бычак менен куралданган киши кол салган.

Полиция анын кармалганын билдирди. Кылмышкер мурда борбордо иштеп кеткен 26 жаштагы Сатоши Уематцу аттуу кызматкер экени аныкталды. Ал өзү полицияга барып, кылмышты мойнуна алган.

Мындай кол салуулар Жапонияда өтө сейрек кездешет.

XS
SM
MD
LG