Линктер

25-июль күнү кечинде миңден ашуун демонстранттар “Сасна Црер” деп аталган топту колдоп, алар ээлеп турган имаратка келишти. Алар биримдик деп кыйкырып, көчөдөгү адамдарды да өздөрүнө кошулууга чакырып атышты. Жүрүш аскер тик учактары топ ээлеп жаткан имараттын үстүнөн уча баштагандан кийин башталды. Анын катышуучулары бийлик “Сасна Црер” ээлеп турган имаратка чабуул жасайт деген ой менен чыгышкан.

Мурдараак армян коопсуздук кызматы топтун мүчөлөрүнө кайрылып, куралдарын таштап, колго түшүп берүүгө чакырган. Бул үчүн алар жазаланбасын билдирген. Кайрылууда “убакыт бар, бирок аз калды” деп айтылган.

17-июлда "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, бир нече полиция кызматкери барымтага алынган, алар ишембиде коё берилген.

Андан кийин полицияны барымтага алган куралдуу топтун тарапкерлери бир нече жолу президент Серж Саргсяндын кызматтан кетүүсүн талап кылып, имараттын алдына чогулушкан. Нааразылык учурунда полиция менен кагылышуулар болгон.

XS
SM
MD
LG