Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Боронов: Тарых музейинде өрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес


Бишкектеги Тарых музейи.

Бишкектеги Тарых музейи.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өткөн жума аягында өрт чыккан Тарых музейинде өрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Ошондой эле оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан өрттү өчүрүү кыйын болгонун министр кошумчалады.

Боронов өрттүн чыгуу себеби үч жумадан соң экспертиза жыйынтыгынан кийин даяр болорун белгиледи.

22-июлда кечки саат ондо Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт музейдин кампасын каптаган. Өкмөт өрттөн баалуу экспонаттарга зыян келбегенин билдиргени менен, адистер баалуу тарыхый материалдар күйүп кеткенин айтышууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG