Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

"Мекендештер" быйыл августта Ош шаарында форум өткөрүшөт. Бул тууралуу жыйынды уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, форум "Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү" деген ураан алдында өтөт. Форумга 600дөн ашык дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашап, ийгиликкке жетишкен кыргызстандыктар катышат.

Форумду “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду быйыл үчүнчү жолу уюштурууда. Иш-чара ар кайсы мамлекеттерде жашап, иштеп жаткан мекендештердин башын бириктирет. Былтыр форум “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан менен Бишкекте өткөн. Ага 25 өлкөдө жашап, иштеп жүргөн 300гө жакын кыргызстандык катышкан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG