Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...


Москвадагы мигранттардын паспорттору
Москвадагы мигранттардын паспорттору

Москвада кыргызстандык мигранттардын арасында улуттук ID паспортко байланышкан мыйзамсыз иштер көп катталууда.

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

Сахароводогу мигранттар

Назиранын 23 жаштагы кызы бир айдан бери Сахарово кыштагындагы мигранттарды камоочу борбордун абагында жатат. Москванын четиндеги бул мигранттарды убактылуу камоочу жайга ал ID-картасы жасалма болгондугу үчүн түшүп калган.

Назира кызы эки жыл мурун Москвада улуттук паспортун жоготуп алып, анан Кыргызстанга барбай эле Москвада кандайча жасатып алганын баяндады:

- Элчиликке баратса, "Добрынинский" метросунан бир бала “паспорт алып берем” деп, документтерин алат. 15 күндүн ичинде 5 миң рублга даярдап берет. Кыргызстандыкынан эч айырмасы жок паспорттун. Анан ошону менен эле ашканада иштеп жүргөн. Мен 22-июнда Кыргызстанга кетсем, муну 25-июнда полиция текшерип, паспорту жасалма экенин аныктап чыгышыптыр. Азыр эми Сахароводо отурат. Бир жарым жашар баласы менин колумда. Эми соттоп, депортация кылабыз деп, авиабилетке 20 миң рубль сурап жатышат.

Кыргызстандын мамлекеттик документтери
Кыргызстандын мамлекеттик документтери

Орусиядагы Кыргызстандын консулдуктарында жарандарга ID-карта берилбейт. Ал жалпы жарандык ички паспорт болгондуктан, аны Кыргызстандан гана алууга болот.

Мындай кырдаалда Кыргызстанга келип, паспортту мыйзамдуу түрдө алуу машакатынан качып, көйгөйдү чечүүнүн оңой жолун издеген мигранттар түз эле Москванын булуң-бурчтарындагы мыйзамсыз документ жасоочуларга барышат.

Шаардык вокзалдарда же метролордун оозунда кызматтарын ачык эле сунуштаган “документчилер” паспортту 1-2 күндө 1000 рублдан 5000 миң рублга чейин жасап берүүгө даяр.

Кыргызстан Евразиялык биримдикке кошулуп, кыргызстандык мигранттар патентсиз иштөөгө жеңилдик алгандан кийин кыргыз ID-картасына тажик жана өзбек мигранттарынын арасында талап күчөгөн.

​Анткен менен Орусияда мигранттардын ичинде Кыргызстандын улуттук ички паспортунун жасалма түрүнүн көбөйүшү – паспорт маселесиндеги жалгыз гана көйгөй эмес.

Төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын арасындагы паспорт будамайлоо жолдору тууралуу Москвада иштеген Чынара Юсупова кеп салды:

- Ушул мигранттарыбыз аргасыздан ар кандай чараларды колдонушат. Жумуш берүүчүгө айтып же айтпай эле башка бирөөлөрдүн паспорту менен ишке киришет. Жада калса миграциялык документтери туура болбосо, чоочун паспорт менен төрөгөндөр бар. “Кой, антпегиле, балаң башка бирөөнүн атына жазылып калат” десең, “мейли, Кыргызстанга барганда, оңдоп алабыз” дегендер да чыгат. Бул сабатсыздыктан, мыйзамдарды түшүнүшпөгөндүктөн, анан аргасыздыктан кылган иштери. Бул жакта документтери туура болбой, өздөрү көптөн бери жүрүп калгандар, чогуу жашагандардын документтерин уурдаган учурлары да болгон деп уккам.

Адатта чоочун паспортторду колдонгондор - Орусияда мыйзамсыз жүргөн же миграциялык мыйзам бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилип, бирок Орусиядан кете элек мигранттар.

Мигранттар сабатсыз болууда

Адвокат Мирбек Токтошев учурда Сахароводо камакта жаткан кыргызстандык мигранттардын дээрлик бардыгын чоочун паспортторду колдонгондор же жасалма документтер менен кармалып, текшерүү учурунда өздүк жеке маалыматтарын жашыргандар түзөөрүн белгилейт.

- Мекендештердин арасында “ал деле жүрөт, бул деле жүрөт, мага деле болот” деген жаңылыш ой бар. Башка бирөөлөрдүн мыйзам бузууларын көрүп туруп, аны туурагандар чыгат. Бирок, бири болбосо, бири кармалып, Сахароводо өздүгү аныкталганга чейин айлап-жылдап камакта калгандар болуп атат. Бирөөнүн паспортун ээсинин уруксатын алып же албай колдонгондорго, паспорттун жасалма экенин билип туруп алып жүргөндөргө, өзүнүн "кара тизмеде" экенин билип туруп, паспортун өзгөртүп киргендерге, кыскасы бардыгына жаза каралган. Ошондой жасалма паспортторду саткандар үчүн дагы жазалар бар. Мындай кылмыш иштерине тиешелүү беренелер боюнча жаранды жок дегенде эле эки жылга чейин эркинен ажыратып койо алышат.

Сахароводогу миграциялык борбор
Сахароводогу миграциялык борбор

Москвада мыйзамсыз жол менен расмий документтерди жасап же саткан кылмыш иштерине кыргызстандык жарандар өздөрү да аралашып жүрүшөт. Март айында эле Москвадагы Кыргызстандын элчилигине жанында жайгашкан имараттан кылмышкерлер тобу кармалып, Орусиянын Кылмыш кодексинин "мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренеси боюнча төрт жаран соттолгон.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG