Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Бишкекте митингге чыккан 35 адам кармалды


Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтка митингге чыккан 35 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалгандар коомдук тартипти бузду деген жүйө менен Биринчи Май райондук милициясына жеткирилди. Учурда административдик протокол толтурулууда, андан соң кармалгандардын иши сотко өткөрүлмөкчү.

Бүгүн Бишкектеги Максим Горький аянтында турак-жайга муктаж адамдар митингге чыгышкан. Акцияга катышкандар жеткиликтүү жай менен камсыз кылуу талабын айтышты. Акцияга чыккандардын саны 500гө жакын деп маалымдалган.

Акцияга чыккандардын бири Асел Өмүрованын “Азаттыкка” билдиришинче, алар өкмөт имаратын көздөй жөө жүрүш кылууну максат кылышкан. Бирок милиция кызматкерлери негизсиз түрдө күч колдонуп кармап кетишкенин акциянын катышуучулары айтышууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG