Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Францияда чиркөөгө кол салууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алды


Барымтачылар чиркөөдөгү бир диний кызматкерди мууздап салган. Сент-Этьен-дю-Рувре шаары. 26-июль, 2016-жыл
Барымтачылар чиркөөдөгү бир диний кызматкерди мууздап салган. Сент-Этьен-дю-Рувре шаары. 26-июль, 2016-жыл

26-июлда Франциянын түндүгүндөгү Нормандия регионундагы Сент-Этьен-дю-Рувре шаарында бычак көтөргөн эки киши чиркөөдө беш кишини барымтага алган. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Пьер Генри Бранде полиция аларды тындым кылганын билдирди:

- Бир учурда кол салган эки киши чиркөөгө кирип келген. Алар полициянын огунан жок кылынды.

Барымтачылар чиркөөдөгү бир диний кызматкерди мууздап салган. Ал 84 жаштагы карыя экени маалымдалды. Барымтага алынган дагы бир кишинин абалы оор. Окуя болгон жерге келген Франциянын президенти Франсуа Олланд терактты айыптап, кол салгандар ДАИШтин мүчөлөрү экенин билдирди.

“Ислам мамлекети” деп аталган бул террордук уюм чиркөөдө кол салгандар алардын жоокери экенин билдирди. Ватикан дин адамынын өлтүрүлүшүн “варвардык” деп айыптады.

Теракттарга байланыштуу Францияда өзгөчө кырдаал сакталууда.

XS
SM
MD
LG