Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Күндөн кубат алган учак биринчи жолу жерди айланып учуп келди


Күндөн кубат алган Solar Impulse учагы.

Күндөн кубат алган Solar Impulse учагы.

Күн батареясы орнотулган учак дүйнөнү айланып учуп, 26-июлда Абу-Дабиге келип конду. Ал бул жерден жарым жыл мурдараак сапарга чыгып, 25 миң миль аралыкты учуп өттү. Швейцарияда башталган долбоордо учак 16 жерде токтоп, саатына 50 милден учуп жүргөн. Бул аралыкта бир литр да күйүүчү май колдонулган эмес. Учакка коюлган батареялар төрт кыймылдаткычка энергия берип турган. Жеңил автоунаадай оорлугу бар учакка Боинг 747 учагынын канатындай узундуктагы канат коюлуп, ал күн энергиясын алууга ылайыкташтырылган. Бул учууга Абу-Даби өкмөтү демөөрчүлүк кылып, 100 млн доллар сарптаган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG