Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Орусиянын Бажы кызматында тинтүү жүргүзүлдү


Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов
Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчилеринин иш бөлмөсүндө жана үйлөрүндө 26-июлда тинтүү жүргүздү. Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун кеңсеси, үйү тинтүүгө алынды. Бул иш спирт контрабандасына байланыштуу экени кабарланууда. Андрей Бельянинов кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганы да айтылууда. Бирок ал расмий тастыктала элек. Бельянинов Кыргызстанда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы катары кеңири таанымал.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ушуну менен июль айынын ичинде экинчи ирет коррупцияга каршы ири кылмыш иштерин ачты. 19-июлда кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынан ири өлчөмдө пара алган деген шек менен Тергөө комитетинин жогорку даражалуу кызматкерлерин камакка алган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG