Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

АКШ демпартиясынын кат куржунуна Орусиянын тиешеси болушу ыктымал


Барак Обама.
Барак Обама.

Американын президенти Барак Обама өткөн жумада Демократиялык партиянын ички кат алышууларынын жарыяланып кетүүсүнүн артында Орусия турушу толук ыктымалдыгын билдирди. NBC News каналына курган маегинде Обама “эксперттер муну орустар менен байланыштырып жатышат, анткени, орустар биздин мамлекеттик системаларды гана эмес, менчик системаларды да сындырышарын билем” деп айтты.

22-июлда Демократиялык партиянын ички кат алышууларынан 20 миң чактысы коомчулукка жарыя кылынып кеткен. Аларды WikiLeaks сайты жарыялады.

Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Робби Мук электрондук каттардын хакерлик жол менен уурдалышына Орусиянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирген эле.

XS
SM
MD
LG