Линктер

Хиллари Клинтон АКШ президенттигине расмий талапкер болду


Хиллари Клинтон.

Хиллари Клинтон.

Ал Американын тарыхындагы алгачкы аял-президент болушу ыктымал. Мурдагы биринчи айым, сенатор жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Демократиялык партия тарабынан АКШ президенттигине талапкер болуп расмий бекитилди. Муну менен ал Америка башчысынын ордуна талапкерлиги ири партиядан көрсөтүлгөн алгачкы аял болуп калды.

CNN маалымдагандай, Клинтон курултай делегаттарынын 2821 добушун алууга жетишкен, тиешелүү босого 2383 добуш болчу.

Мурдараак аны праймериз боюнча негизги атаандашы Берни Сандерс колдоп чыккан. "Хиллари Клинтон АКШнын кийинки президенти болууга тийиш. Ага тең келүүчү атаандаш жок", - деди ал.

Өткөн жума күнү Республикачылар партиясы да президенттикке талапкерин аныктап, миллиардер Дональд Трампты көрсөткөн. Ага 1604 делегат добуш берген, тиешелүү босого 1237 добуш эле.

АКШ президентин шайлоо 8-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG