Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Жүк ташуучу унаа айдоочулары Транспорт министрлигине нааразы


Оор жүк ташуучу машинелер.
Оор жүк ташуучу машинелер.

Алар Кыргызстандагы жүк ташуу базарын Кытай, Түркиянын жүк ташуучулары ээлеп алды деп эсептешет. Буга Транспорт министрлиги жол берүүдө деген айдоочулар 26-июль күнү аталган министрликке келип, нааразылыгын билдиришкен. Алар министрликтен Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна логистикалык борборлорду куруп, жергиликтүү жүк ташуучуларды колдоосун талап кылышты.

Аларга Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларга расмий жооп берди. Анда, Түркия менен Кытайдын жүк ташуучулары эл аралык нормаларга ылайык, мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде иштеп жатышканы белгиленип, ал келишимдерди жокко чыгаруу мүмкүн эместиги айтылган. Министрликтин жообунда жергиликтүү жүк ташуучулар рыноктон сүрүлүп калууну каалашпаса, чет өлкөлүк атаандаштарына жетишүүгө аракет кылууга тийиштиги айтылат.

Кыргызстанда 300 чамалуу жүк ташуучу компания бар. Алардын көпчүлүгү Кытайдан жана Түркиядан жүк ташыйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG