Линктер

Быйылкы жылдын алты айында жарандардын даттанууларынын жыйынтыгында 20 салык кызматкерге административдик чара көрүлдү. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылууларынын негизинде төрт кызматкерге катуу сөгүш, ал эми жети кызматкерге сөгүш жарыяланган. Дагы сегиз кызматкерге эскертүү берилди.

Салык кызматынын жетекчилиги органдагы тейлөө жана иштерди жакшыртуу жаатында “ишеним телефону” уюштурулганын жана анын негизинде өз ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаган кызматкерлерге карата чаралар көрүлөрүн билдирүүдө.(BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG