Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Митингчилер камалышты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бул тууралуу митингчилердин бири, Турак-жай коалициясынын өкүлү Эралы Жээналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда кармалгандарга мыйзам бузган жана башаламандык кылууга аракет кылган деген беренелер боюнча айып тагылды:

-Төрт киши: Абай Базаркулов, Төлөгөн уулу Абдылас, Нурлан Асанов төрт суткага, ал эми Чынара Рыскулова үч суткага камалды. Калгандарына 300 сомдон 600 сомго чейин жаза айып салынды. Биз эч кандай мыйзам бузган жокпуз. Митинг тууралуу да, жөө жүрүш жөнүндө да шаар бийлигине маалымдама берилген.

26-июлда Бишкектеги Горький атындагы гүлбакта турак-жайы жок кишилер митингге чыгышкан. Алар элди арзан турак-жай менен камсыз кылууну талап кылышкан.

Акцияга чыккандар өкмөт үйүнө жөө жүрүш кылууну максат кылышкан кезде милиция кармап кеткен. Жалпысы 35 киши административдик жазага тартылышты.

Бишкек ШИИБ алар коомдук тартипти бузганы үчүн кармалышканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG