Линктер

Еревандагы полиция имаратында кармоолор уланууда


Ереванда кармоолор уланууда.

Ереванда кармоолор уланууда.

Имараттагы куралдуу топтун отуз чамалуу мүчөсү кармалды, айрым мүчөлөрү колго түшүп бергени кабарланган. Армян полициясынын маалымат катчысы Ашот Агаронян Фейсбуктагы баракчасына топтун калган мүчөлөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазды.

Полиция менен куралдуу топтун ортосунда ок атышуу болуп, андан полиция кызматкерлери жаракат алышканы айтылууда.

17-июлда “Сасна црер” деп аталган топ төрт полициячыны барымтага алып, ээлеп алган имаратты бошотуу дээрлик он күндөн кийин гана башталды. Буга чейин куралдуу топко барымтадагыларды бошотуу үчүн бийлик “пресс борбор” иштетип берген.

XS
SM
MD
LG