Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен 3,7 миллиард сом ссуда берилет


“Жеткиликтүү турак-жай” программасын ишке ашыруу үчүн Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга 3,7 миллиард сом ссуда берет. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Бактыбек Шамкеев билдирди. Анын айтымында, буга чейин ипотекалык компания Кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду каржылары пландалган. Бирок бул план үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик бюджеттен каржылоо чечими кабыл алынды.

Шамкеев кошумчалагандай, Ипотекалык компания Курулуш жана архитектура агенттиги менен кызматташып, алар курулган имараттардын сапатына көзөмөл жүргүзөт.

Кыргыз өкмөтү “Жеткиликтүү турак-жай” программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак-жай куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берүү каралган. Бирок бул шарттар мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайсыз деген жүйө менен айрымдар насыя алуудан баш тарткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG