Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Бажы кызматы Бельяниновго байланышкан маалыматты териштирет


Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов катышты делген Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга контрабандалык жүк ташуу боюнча маалыматты Бажы кызматы иликтейт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Бажы кызматынын төрага орун басары Алтынбек Торутаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бул боюнча маалыматтар териштирилет.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновдун кеңсеси жана үйлөрүндө 26-июлда тинтүү жүргүзгөн. Анда көп сандаган акча табылганы айтылган.

Ошол эле учурда айрым орусиялык маалымат каражаттары Андрей Бельяниновдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу контрабандалык жүктү калкалап келгенин жазып чыккан. Мында Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчилеринин тиешеси бар экени айтылган.

Бельянинов Кыргызстанда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалыгын аркалап келген.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG