Линктер

Билл Клинтон: Хиллари бизди күчтүүрөөк кылат


АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон.

АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон Демократиялык партиянын курултайында демократтарды жана АКШ шайлоочуларын Хиллари Клинтонду колдоого үндөп, ал Американы күчтүү жана мыкты өлкөгө айлантат деди.

26-майда курултайдын 4700 делегаты Хиллари Клинтонду Демократиялык партиядан талапкер кылып көрсөтүүгө добуш берди. 50 мүнөттүк сөзүндө Билл Клинтон “Хиллари бизди күчтүүрөөк кылат. Сиздер аны билесиздер, ал өмүр бою ушундай кылып келген” деди. Билл Клинтонго чейин Берни Сандерс сөз сүйлөп, ал дагы Хиллари айымды колдоого чакырды. Бирок Сандерстин тарапкерлеринин бир тобу ага каршы чыгып, курултайдын биринчи күнүндө маанайга терс таасирин тийгизген эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG