Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Спортчулардын биринчи тобу Риого жөнөп кетти


Олимп оюндарына катышуучу Айсулуу Тыныбекова машыгуу учурунда.
Олимп оюндарына катышуучу Айсулуу Тыныбекова машыгуу учурунда.

Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын биринчи тобу бүгүн Бразилияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Спорт, дене тарбия жана жаштар саясаты боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама команданын мүчөлөрү жөнөштү. Аларды Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев коштоп кетти.

Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимп оюндарына 19 спортчу катышат. Буга чейин өкмөт 1-орун алган спортчуга 7 миллион сом, 2-орунга 5 млн. сом, коло медалга 3,5 млн. сом деп бекиткен.

XXXI Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар катышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG