Линктер

Бүгүн кызматтан кеткен маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов “Азаттыкка” кызматтан өз арызы менен кеткенин билдирди. Анын айтымында, кызматтан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен жазган.

- Мамлекеттик кызмат деген ушундай, жаңы адамдар келип иштеши керек. Мен аларга орун берүү үчүн өз каалоом менен арыз жазып бердим, - деди Максүтов.

Алтынбек Максүтов мындан кийин чыгармачылык менен алектенерин кошумчалады.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Максүтовду Маданият, маалымат жана туризм министри бошотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Режиссер жана актер Алтынбек Максүтов министр болуп 2014-жылы дайындалган. (BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG